super.kg logo

Пашинян Армения кандай учурда ЖККУдан чыга турганын айтты

 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгуу шарттарын атады.

Маалымат жыйынында Пашинян эгер уюм Ереван койгон суроолорго жооп бербесе, Армения ЖККУдан чыга турганын билдирди.

"Эгерде ЖККУ "Арменияда ЖККУнун жоопкерчилик зонасы кайда?" деген суроого жооп берсе жана бул жооп Армениянын көз карашына туура келсе, анда биз ортобуздагы маселе чечилди деп эсептейбиз. Эгер андай болбосо, Армения ЖККУдан чыгат. Качан? Мен так айта албайм", - деди Пашинян.

Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армения ЖККУга мүчө болууну токтото тургандыгын айткан. Анын айтымында, ЖККУнун 2021-2022-жылдары Арменияга карата бир нече пункттары толук аткарылган эмес. Премьер-министр бул абалды "байкабай коюуга болбойт" деп баса белгилеген.

Учурда ЖККУга Орусия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирет. Уюмдун негизги максаттары тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту чыңдоо, мүчө мамлекеттердин көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин жамааттык негизде коргоо болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: