super.kg logo

MEGA'дан MegaKassa ККМ: Жеткиликтүүлүк, ыңгайлуулук жана үнөмдөө!

 

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору ишкерлерге уникалдуу функционалдуулугу менен MegaKassa контролдук-кассалык машиналардын жаңычыл сервисин сунуштайт.

MegaKassa ─ бул 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын талаптарына ылайык, салык органдарына маалыматтарды онлайн режиминде өткөрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу жөнөкөйлөштүрүлгөн салык режими үчүн ыңгайлуу шайман. Кызмат товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда жана сатууда акчалай эсептешүүлөрдү фискалдык кассалык чекти берүү менен жүзөгө ашыруучу ишкерлерге багытталган.

MegaKassa кызматы MEGA & РСК Банктын "Ишкер24" кызматташтыгынын мобилдик тиркемесине катталган колдонуучуларга да жеткиликтүү.

MegaKassa онлайн -кассасын колдонуунун кандай артыкчылыктары бар:

  • жеткиликтүүлүк: кымбат аппараттык ККМди сатып алуунун зарылчылыгы жок;
  • убакытты үнөмдөө: MegaKassa'ны каттоодон өткөрүү жана ишке киргизүү MEGA тейлөө борборлорунда ишке ашырылат, демек, Кыргыз Республикасынын Салык кызматына баруу зарылчылыгы келип чыкпайт;
  • ыңгайлуулук: эми кассалык китепти жүргүзүп убара тартпайсыз, анткени бардык керектүү маалымат автоматтык түрдө MegaKassa'да сакталат;
  • көзөмөл: бардык кассалык операцияларды сервистеги жеке кабинеттен көзөмөлдөп турууга болот.

MegaKassa кызматы салыктык эсеп чөйрөсүндө ачык-айкындуулукту жана натыйжалуулукту камсыз кылуу менен, бизнес жүргүзүүдө сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз боло алат.

Колдонуучуну кошуу АКЫСЫЗ ишке ашырылат.

Маанилүү! 2024-жылдын 31-майына чейин (кошо алганда) ПKKM кызматы акысыз көрсөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: