super.kg logo

Муфтият: "Битир-садаканы тиркемелер аркылуу берсе болот"    

 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы битир-садаканы тиркемелер аркылуу берсе болорун билдирди.

Муфтият "Кыргызстан коммерциялык" банкы ААК (Mbank), "РСК Банк" банкы жана "Альфа Телеком" ЖАК (MegaPay) менен биргеликте жарандар үчүн 2024-жылдагы битир-садаканы берүүнүн санариптик системасын иштеп чыкты.

Жарандар битир-садаканы жана зекетти берүүдө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын банктардагы эсептик счетторуна банкоматтар, терминалдар жана мобилдик тиркемелер аркылуу беришсе болот. Колдонуучулардын битир-садага, зекет сыяктуу кайрымдуулук төлөмдөрү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине түшөт.

Битир-садаканы мобилдик капчыктын жардамы менен кантип төлөөгө болот?

1-кадам: MegaPay, Mbank же РСК банк тиркемесин App Store же Google Play сервистеринен жүктөп алуу;

2-кадам: "Кайрымдуулук" бөлүмүнө кирүү;

3-кадам: Битир-садака, зекет же жетим балдарга бөлүмүн тандоо;

4-кадам: "Реквизиттер" сабына кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтүү керек.

Быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садака 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Базар баасы менен алганда ар бир адамга 50 сомдон эсептелди.

Буудайдан сырткары ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен берсе болот. Базар баасы менен алганда мейиз – 680 сом, ун – 75 сом, арпа 85 сом болсо, курманын баасы 850 сомду түздү.

Битир-садаканы берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Бул азык-түлүктөрдүн баалары туруктуу эмес, алардын салмагына көңүл буруу керек. Битир-садаканы бул азыктардын баасындай акчалай нарк менен берсе болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: