super.kg logo

Жапаров Бишкектеги Кырдаалдык борбордун иши менен таанышты

 

Бүгүн, 12-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Бишкек мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы "Бишкекавтобекети" муниципалдык ишканасында жайгашкан Кырдаалдык борборго барышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңыдан ишке кирген жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасынын жана транспорт видеодетекторлорунун мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле борбордун функционалдык жана техникалык базасы көрсөтүлдү.

Ага ылайык, шаардын көчөлөрүнүн кесилиштерине орнотулган жол кыймылын башкаруучу автоматташтырылган системасынын иши онлайн режимде тааныштырылды.

"Аталган Кырдаалдык борбордо жол чырактарды башкаруу жана жөнгө салуу, кесилиштерден транспорт агымы боюнча статистикалык маалыматтарды чогултуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча иштер аткарылат",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, долбоор "Sitronics Group" IT-компаниясы менен биргеликте ишке ашырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: