super.kg logo

"510 орунга ылайыкталган". Бишкектин Көк-Жар конушунда жаңы бала бакча колдонууга берилди

 

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушундагы бала бакчанын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Акылбек Жапаров жергиликтүү тургундардын кубанычтуу окуясы менен куттуктады.

Балдардын коопсуз жашоосу жана өнүгүүсү үчүн бардык шарттары менен курулган бала бакчанын ачылышы менен куттуктайм. Бала бакчада спорт зал, музыкалык жана концерттик залдар, медициналык жабдуулар, керектүү окуу куралдары жана оюнчуктар менен жабдылган. Акыркы 2 жылда борбор калаада 21 мектеп курулду. Мамлекеттик саясат балдардын сапаттуу билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган”, — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, бала бакчаны куруу долбоору боюнча 280 орундуу болсо, бирок, бала бакчанын аянтынын чоңдугуна байланыштуу кошумча жылдырма керебеттерди коюу менен дагы 230 орунду түзүүгө мүмкүн болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: