Бишкекте 124 автобус айдоочусу жол эрежесинен экзамен тапшыра алган жок






Бишкек шаарында 124 автобус айдоочусу жол эрежесинен экзамен тапшыра алган жок. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, автобустардын катышуусунда катталган жол кырсыктарын алдын алуу максатында Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен шаардык мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти биргеликте автобус айдоочуларынан жол эрежеси боюнча шаардык “Унаа” мекемесинде экзамен алышты.
"Экзаменге 222 айдоочу катышып, 98 айдоочу ийгиликтүү тапшырды. Экзаменди тапшыра албаган айдоочулар кайрадан тапшырышат", - деп айтылат билдирүүдө.
Экзамендин жыйынтыгында Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери айдоочулар арасында профилактикалык түшүндүрүү иштерин өткөрүшкөнү кошумчаланды.
