super.kg logo

Айбек Жунушалиев Бишкекке келген эл аралык хоккей федерациясынын делегациясын кабыл алды

 
Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Мелдештин алкагында борбор калаанын муниципалитетинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Эл аралык хоккей федерациясынын делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.
Мэр келген конокторду жылуу тосуп алып, мүмкүнчүлүктөрдүн алкагында кызматташууга ишенимин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар спорттун шаарды өнүктүрүүнүн элементи катары маанилүүлүгүн, ошондой эле Бишкекте 3-дивизион боюнча Дүйнө чемпиондугун ийгиликтүү уюштурууну талкуулашты.
Айбек Джунушалиев Бишкек шаарынын мэриясы биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды алдыга жылдырууга өзгөчө маани берерин белгиледи.
Өз кезегинде Эл аралык бадминтон федерациясынын биринчи вице-президенти Лисвадтракул Кхун Ин Патама айым чакыруу жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: