super.kg logo

Жети-Өгүздө айыл өкмөт кызматкери пара менен кармалды

 

Бүгүн, 13-мартта Ички иштер министрлиги Ысык-Көл облусунда жер тилкесин берүүдө мыйзамсыз аракеттер аныкталганын билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга Жети-Өгүз районундагы Тамга айыл өкмөтүнүн адиси кызмат абалынан пайдаланып жергиликтүү жарандарга көл жээгинде жайгашкан жер тилкелерин ижарага берүүдө акча талап кылып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Териштирүүдө ал кызматкер мурда жарандан алган акчаларды кайра кайтарып бергенге аракет кылып жүргөндүгү белгилүү болгон. Мындан улам 7-мартта милиция кызматкерлери аталган адисти мурда пара катары алган акчасын Жети-Өгүз районунун тургунуна кайра кайтарып берип жаткан жеринен кармашкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 343-беренесине (Опузалап пара алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Учурда кармалган жарандын башка фактыларын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.






13.03.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: