Бишкектин Сүйөркулов көчөсүндөгү үйүнөн күчтөп чыгарылгандар Ак үйгө келишти
Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар эл өкүлдөрү Бишкектеги Сүйөркулов 16/1 дарегиндеги имаратта жашаган тургундардын үйүнөн күчтөп чыгарылганы боюнча кайрадан маселе көтөрүштү.
Депутаттар Шарапаткан Мажитова менен Надира Нарматова 80 үй-бүлө бүгүн Жогорку Кеңешке келгенин айтып, алар териштирүү иштери аяктай электе көчөгө чыгарылып, ортодо жабыркап жатканын айтты.
"Бир топ күндөн бери ошол 80 үй-бүлөнүн тагдыры "тамаша" болуп жатат. Мэрия менен өкмөт алардын тагдырын тамаша кылбай, чечип бериши керек. Ал үйлөр жасалып бүтүп, ичине кирип, жашап жаткан үйлөр болгондон кийин ошол деңгээлге жеткенге чейинки күнөөлүүлөрдү таап, териштирүү зарыл. Акчасын берип сатып алган карапайым элде эмне күнөө?", - деди Нарматова.
Мирлан Самыйкожо депутаттардан кол топтоп сот чечими чыкканга чейин жашоочуларды үйүнөн чыгарбай туруу боюнча өкмөткө өтүнүч келтирүүнү сунуштаса, Дастан Бекешев бул жерде "кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар" деген күмөнү бар экенин айтты.
Эл өкүлү Талант Мамытов тургундардын күн суукта үйүнөн чыгарылганын сынга алды.
“Турак жай кодекси боюнча күн суукта бир да адам жашаган жеринен чыгарылбашы керек. Эгерде чыгарылса ал мыйзамсыз болот. Мыйзам иштесе баарына бирдей иштеш керек. Прокуратура мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн орган катары көңүл бурушу зарыл. Мына азыр кар жаап жатат. Алар каякка барат?”, - деди ал.
Буга чейин 6-марттагы парламент жыйынында да бир катар эл өкүлдөрү бул маселени көтөрүшкөн.
Эске салсак, Бишкектеги Сүйөркулов 16/1 дарегиндеги талаштуу имаратка 9-февралда мэр Айбек Жунушалиев баштаган шаар бийлиги келип, жашап жаткан 60тан ашык үй-бүлөгө 1-мартка чейин чыгып кетүүнү эскерткен. Тургундар батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын, башка жакка көчпөй турганын айтып чыгышкан.
1-мартта көп кабаттуу имараттын электр жарыгы өчүрүлүп, суу берүү токтотулган. Ал жерге милиция кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана мэриянын өкүлдөрү барышкан.
Жашоочулар мындан кийин да үйдөн чыгуудан баш тартып, мэр менен кайра кездешкен. Алар президентке жана депутаттарга кайрылып, жардам сурашкан.
Жарандар батирлерди "Квартал строй" ишканасынан алышкан. Бирок имарат "Нур-Жаннат-ЛТД" компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлүп, ал бизнес борбор үчүн салынган. Бирок тургундар объектини турак-жай катары колдонуп келишүүдө.
Былтыр апрелде Жогорку сот бул имараттын жашоочулары менен “Квартал-Строй” компаниясынын келишимдерин мыйзамсыз деп тапкан. “Квартал Строй” ишканасынын директору Асыл Талиповага соода жайын мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Имарат “Нур-Жаннат-ЛТД” компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлгөн. Бул ишкана Бишкек мэриясынан коммерциялык муктаждыктар үчүн деп белгиленген 12 сотых жерди 49 жылга ижарага алган. “Нур-Жаннат-ЛТДнын” юристи Нурбек Сабиров буга чейин курулушка чет өлкөлүк инвесторлор 3 миллион доллар салганын, жалданма компания “Квартал-Строй” элге батир кылып сатып жибергенин айткан. Курулуштун долбоору боюнча 9 кабаттуу имараттын эки кабаты бизнес үчүн, жогорудагы кабаттары жумуш кеңсеси деп пландалган.
SUPER.KG порталына аталган имараттын жашоочулары “Квартал-Строй” имаратты жашоочуларга сатып жатканда, “Нур-Жаннат-ЛТД” компаниясынын өкүлдөрү имараттын үчүнчү кабатында отурганын, тургундар үй сатып алып, эки жыл бою оңдоо иштерин жүргүзүп жатканда алар көрүп эле жүрүшкөнүн, бирок эч ким келип эч нерсе дебегенин айткан.
Ошондой эле алар "Нур-Жаннат-ЛТДнын" өкүлү Нуржан Рыскулова менен "Квартал Стройдун” директору Асыл Талипова экөө алдын-ала келишип алып, имаратты жарандарга чогуу эле сатышкан деп эсептей тургандарын, ага далилдери бар экенин айтышкан.
Жогорку Кеңеш 13.03.24
