super.kg logo
  Саясат  

Казакстандын Кыргызстандан барган продукциянын жүгүртүүсүн чектегени боюнча маселе парламентте көтөрүлдү 

 

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында эл өкүлү Кубанычбек Самаков Казакстандын Кыргызстандан барган продукциянын жүгүртүүсүн чектегени боюнча маселени көтөрдү.

Депутат бул ыкчам реакция кыла турган маселе экенин белгилеп, Министрлер кабинети чара көрбөсө экономикага терс таасири тийиши мүмкүн экенин айтты.

"Кечээ күнү ЖМКларда Казакстандын Соода министрлиги 1-июлдан тартып, Кыргызстанда лицензияланган товарларды сатууга, колдонууга бөгөт коё турганы боюнча маалымат жарыяланды. Эгерде ал токтом кабыл алына турган болсо, Кыргызстандын жалпы экономикасына, соодагерлерине, бизнесмендерине, инвестицияга чоң залакасын тийгизип калчу нерсе. Ошондуктан тиешелүү органдардын бул боюнча маалыматын угуп койсок туура болмок. Анткени биз чара көрүп, өзүбүздүн сунушубузду айтып калбасак, экономикага таасирин тийгизет", - деди Самаков.

Эскерте кетсек, буга чейин "Казинформ" агенттиги үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта Казакстан Кыргызстанда лицензиясы бар продукцияны жүгүртүүгө, чыгарууга тыюу сала турганын жазган.






Казакстандын Кыргызстандан барган продукциянын жүгүртүүсүн чектегени боюнча маселе парламентте көтөрүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: