super.kg logo

"Оскар" сыйлыгынын ээси "Оппенгеймер" 8 ай ичинде миллиард долларга жакын киреше тапкан. Тасма тууралуу кызыктар

 

11-мартта Лос-Анжелесте 96-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Кристофер Ноландын "Оппенгеймер" тасмасы жети номинация боюнча Оскар сыйлыгына ээ болду.

"Эң мыкты тасма", "Экинчи пландагы эң мыкты актёр" номинациясын Роберт Дауни алса, "Эң мыкты актёр" номинициясына тасманын башкы каарманынын ролун жараткан Силиан Мерфи татыган. Ошондой эле аталган тасма "Эң мыкты монтаж", "Мыкты оператордук иш", "Мыкты саунтрек" жана "Эң мыкты режиссёр" номинацияларында да Оскар сыйлыгын алышты. Белгилей кетсек, "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты тасма" номинациясына жалпы 9 тасма ат салышкан.

Оппенгеймер ким болгон?

Бул тасма атомдук бомбанын жаратуучусу Роберт Оппенгеймер жөнүндө тартылган. Жулиус Роберт Оппенгеймер (22-апрель 1904-жылы 18-февраль 1967-жылы) - америкалык теоретик жана ядролук физик.

Ал Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда биринчи өзөктүк куралды иштеп чыккан Манхэттен долбоорунун илимий жетекчиси болгон. Мындан улам Оппенгеймерди “атомдук бомбанын атасы” деп аташат.

Тасма тууралуу маалымат

"Оппенгеймер" тасмасы - бул атомдук бомбанын жаратуучусу Роберт Оппенгеймер жөнүндө тартылган эпикалык биографиялык триллер болуп саналат. Ал эми тасманы режиссёр Кристофер Нолан Кай Берд менен Мартин Шервиндин "Оппенгеймер. Америкалык Прометейдин триумфу жана трагедиясы" аттуу даректүү китебинин негизинде тарткан. Оппенгеймердин жашоосундагы негизги окуяларды – анын окуусун, Манхэттен долбоорунун жетекчилигин, анын ичинде Троица сынагын жана Оппенгеймер "мамлекеттик сыр" коопсуздугуна ишеничин жоготкону тууралуу камтылат.

Тасмада башкы ролдордо Киллиан Мерфи, Эмили Блант, Роберт Дауни жана Флоренс Пью ойношкон. Ал эми сүрөттүн үстүндө иштөө 2021-жылы башталган. Тасманын жабык көрсөтүүсү 2023-жылдын 12-июлунда болуп, 21-июлдан тарта бардык кинотеатрларда коюла баштаган. Бул Ноландын "Universal Pictures" компаниясынын колдоосу астында тартылган эң алгачкы тасмасы.

Тасманын кирешеси

"Оппенгеймер" тасмасы дүйнө жүзү боюнча 8 ай ичинде 1 миллиард долларга жакын киреше таап, 2023-жылдын үчүнчү эң кирешелүү тасмаларынын бири болду.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: