Бишкекте 18 жаштагы "закладчик" кармалды

Маалыматка караганда, 9-мартта 102 кызматына "закладчик" кармалды деген маалымат түшкөн. Тергөө тобу дароо окуя болгон жерге барып, фактыны тастыкташкан.
Бул факты райондук милициянын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Аймактык тескөөчүлөргө шектүү делген жаран өз ыктыяры менен ак түстөгү скотч менен оролгон 3 даана зат берген. Мындан тышкары кийин башка адамдарга сатуу үчүн баңгизаттарды сактаган дагы 13 жерди көрсөткөн. Ал жерлерден алынган заттарга экспертизалар дайындалып, жалпы салмагы 30,8 граммды түзгөн марихуана экени аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары кармалган 2006-жылы туулган С.Р. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
13.03.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.