3 айда өлкөгө 33,5 миң тонна минералдык жер семирткич импорттолду
Бүгүн, 13-мартка карата өлкөгө жалпы 33,5 миӊ тонна минералдык жер семирткичтер импорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Импорттолгон жер семирткичтер:
- азоттук минералдык жер семирткичтер – 23,0 миӊ тонна;
- фосфордук минералдык жер семирткичтер – 9,4 миӊ тонна:
- калийдик минералдык жер семирткичтер – 1,0 миӊ тоннаны түзөт.
Ал эми жер семирткичтерге болгон баалар:
- 1 килограмм аммиак селитрасы 22-30 сом;
- карбамид 32-38 сомдон сатылууда.
"Былтыркыга салыштырмалуу аммиак селитрасы орточо эсеп менен 13-15 сомго, карбамид 14-15 сомго арзан", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.