Өлкөдө талапка жооп бербеген 20 мал союучу жай жабылды
Өлкөдө санитардык талаптарга жооп бербеген 20дан ашык касапкана жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, өлкө аймагында 101 мал союучу жай катталган.
"Өткөн жылдын декабрь айында жана ушул жылдын январь айында өлкө боюнча мониторингдер жүргүзүлгөн. Мал союучу жайлар, этти кайра иштетүүчү чакан цехтердин бардыгына мониторинг жүргүзүлүп, мыйзамга, талаптарга жооп бербеген мал союучу жайлардын 20дан ашыгы өз иштерин токтоткон. Ал боюнча тийиштүү эскертме кагаздары берилген", - деди ал.
Ошондой эле Кожобергенов мал союучу жайларды пландуу текшерүү кайрадан улантыларын белгиледи.
13.03.24
