super.kg logo

Орусияда көрүстөнгө кулаган Ил-76 учагы: Учкучтун акыркы сөздөрү белгилүү болду

 

Кечээ, 12-мартта Орусиянын Иваново облусунда кыйраган Ил-76 учагынын учкучунун акыркы сөздөрү төртүнчү кыймылдаткычтын жана анын ичинен учуп чыккан сыныктар күйүп, системаларга зыян келтиргени тууралуу болду. Бул тууралуу SHOT Telegram каналы билдирди.

Каналдын маалыматына ылайык, учактагы бузулган байланыш учуп чыккан аэродромго кайтууга мүмкүндүк берген эмес. Эгерде байланыш бузулбай калса, Ил-76 үч кыймылдаткычта уча алмак.

Учкуч акыркы мүнөттөрүндө төртүнчү кыймылдаткыч күйүп, андан күйүп чыккан сыныктар учактын системасына зыян келтирип жатканын айтууга жетишкен.

Учкуч аэродромго жетүүгө аракет кылган, бирок муну кыла албасын түшүнгөндөн кийин учакты турак жайлардан алыстата баштаган. Андан кийин учак көрүстөндүн жанындагы токойлуу жерге кулап түшкөн.

Кийинчерээк учакта 16 адам болгону белгилүү болгон. Алардын ичинен 5 адам Оренбургдагы 117-аскердик-транспорттук авиация полкунун учкучтары. Оренбургдун мэри Сергей Салминдин айтымында, экипаждын бардык мүчөлөрү жана жүргүнчүлөр набыт болушкан.

Учурда учак кырсыгынын чоо-жайын атайын комиссия иликтеп жатат.






Орусияда Ил-76 учагы кулады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: