super.kg logo

Бишкекте милиция кызматкерлери уксус ичип алган наристени куткарып калышты (видео)

 

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери кызмат учурунда тогуз айлык наристени куткарып калышты. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, милиция кызматкерлерине наристенин апасы баласына медициналык жардам керектигин жана жеке унааларында жүрсө кечигип калаарын айтып, кайрылган.

"Ушул жылдын 11-мартында наристе үйдө ойноп жатып, дасторкон үстүндө турган уксус аралашмасын ичип алган. Мындан улам ымыркайга медициналык жардам көрсөтүү зарыл болуп, милиция кызматтык унаада, кыска убакыттын ичинде медицина кызматкерлерине жеткирип берүүгө үлгүргөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул окуядан көп өтпөй кызматкерлер наристе дарыланып жаткан ооруканага барып, эне-баланын ден соолугунан кабар алышкан.

Милиция кызматкерлери ата-энелерден өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.






Бишкекте милиция кызматкерлери уксус аралашмасын ичип алган наристени куткарып калышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: