super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Осмоналиев: “Стипендия маселеси чечилбесе, студенттер бир жумадан соң нааразычылык акциясына чыгышкан турат”

 
Студенттер стипендия маселесин көтөрүп бир жумадан соң нааразычылык акциясына чыкканы турат. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиев билдирди.
Анын айтымына караганда, Кыргызстан боюнча болгону эки миң гана студент стипендия алат. Өкмөт кабыл алган жаңы токтом боюнча стипендияны жалаң “5ке” окуган студенттер гана алары аныкталган. 
"Учурда республика боюнча жогорку окуу жайдын 1 миң 919 студенти жана техникумдардын 470 студенти стипендия алат ”, - деди депутат өз сөзүндө.
К.Осмоналиев белгилегендей, окутуучулар стденттерге “5” коюу үчүн коррупцияга жол беришүүдө. Депутат бул маселе боюнча атайын тапшырма берилип, парламенттин тийиштүү комитетинде кароону сунуштады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: