super.kg logo

УКМК Ак-Талаада айыл өкмөт баш болгон жети адамды кармады 

 

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын башчысы, анын орун басары, мамлекеттик органдардын жана жеке фирмалардын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК кармалгандар бүткөрүлө элек футбол аянтчасы менен маданият үйүн оңдоону мыйзамсыз пайдаланууга алышкандыгын билдирди.

"Ала-Буга айыл аймагынын жетекчилиги курулуш объектилерине жооптуу мамлекеттик органдардын жана жеке фирмалардын жетекчилери менен тил табышып, бүткөрүлө элек футбол аянтчасын жана маданият үйүн капиталдык оңдоону мыйзамсыз пайдаланууга алышкандыгы аныкталды. Натыйжада мамлекетке жалпы суммасы 3 миллион 400 миң сомдук зыян келтирилген", - деп билдиришти УКМКдан.

Жүргүзүлгөн ыкчам – иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 11-март күнү 7 адам - Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын башчысы С.М.Д., анын орун басары А.К.И., Нарын аймактык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын улук инспектору М.З.М., Ак-Талаа райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси А.Р.К., "Кыргызбилдкомпани" ЖЧКсынын директорунун орун басары И.С.Р. , “Эл-Эр” ЖЧКсынын директорунун орун басары Н.К.Ч. жана курулушка жеке техникалык көзөмөл жүргүзүүчү К.Н.Ж. аттуу жарандар кармалышкан.

Кармалгандар Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК тарабынан Ак-Талаа районунун мамлекеттик органдарынын бул укукка каршы жосундарына тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча мындан аркы ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: