"Баарын тебелеп кетем" деген Fit унаасынын айдоочусу кечирим сурады (видео)
Социалдык тармактарда сөгүнүп сүйлөгөн жаран коомчулуктан кечирим сурады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, интернет тармагында шайтан араба жүрүүчү жолдо авто унаасын айдаган айдоочу тууралуу видео тараган. Ал эми Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери эреже бузган айдоочуну таап, туура эмес жолдо жүргөндүгү жана коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн 2 миң сом айып салып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Ошондой эле айдоочу жоопкерчиликти толук моюнуна алып, коомчулуктан кечирим сурады.
Сөгүнүп сүйлөгөн айдоочу 2 миң сом айып төлөп, коомчулуктан кечирим сурады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.