super.kg logo
  Саясат  

Кокулов шылуундарды камагандан майнап чыкпай жатканын айтып, алдаган акчаны өндүрүүнү сунуштады (видео)

 

Бүгүн, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов курулуш компаниялардан жапа чеккен жарандардын маселесин көтөрдү. Эл өкүлү шылуундарды камагандан майнап чыкпай жатканын айтып, алар алдап кеткен акчаны өндүрүүнүн жолун табууну сунуштады.

Ал ушул жылдын 27-февралында жарандардын кайрылууларынын негизинде жолугушуу уюштурганын, анда турак жай сатып алууда алдангандардын ой-пикирлери угулганын белгиледи.

"Жолугушууга миңге жакын адам катышып, келбей калгандарды кошкондо жабырлануучулар мындан 10 эсе көп экен. Өлкө боюнча 60 компанияга карата 200гө жакын арыз келип түштү. Алардын катарына турак-жай кооперативдерине алдангандар, үйлөрдүн курулуш иштери бүтүп, бирок документтерин ала албагандар, үлүштүк курулушка акча берип, курулуш компаниялардан алдангандар кирет",- деди Кокулов.

Эл өкүлү тиешелүү укук коргоо органдары турак жай сатып алууда алдангандарга каражаттарын кайтарып берүү жагында жеткиликтүү иш алып барбай жатканын айтты.

"Курулуш компаниялардын ээлери миллиарддаган долларларды алдамчылык жол менен уурдап, чет өлкөгө качып же кыска убакыт түрмөгө отуруп, жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатышат. Жылдап чогулткан акчасын шылуундарга алдаткандардын тагдыры кандай болот? Бул бир гана ички эмес, улуттун коопсуздугуна көйгөй жараткан курч маселеге айланып бара жатат",- деди ал.

Кокулов бул каражаттарды кылдат изилдөөнүн жүрүшүндө табууга болорун белгилеп, УКМКнын алдында курулуш компаниялардан жапа чеккен жарандар менен иштөөчү атайын комиссия түзүүнү сунуштады.






Жогорку Кеңеш 14.03.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: