super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте өтүп жаткан хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугунда жарык өчүп калды (видео)

 
Кечээ, 13-мартта "Бишкек Арена" муз тебүүчү аянтчада өтүп жаткан Кыргызстан менен Түркмөнстан курама командаларынын хоккей боюнча беттешинде электр жарыгы өчүп калды.
Анда оюндун бүтөрүнө 7 мүнөт 52 секунд калганда электр жарыгы өчүп калган. Болжол менен 15-20 мүнөттөн кийин электр энергиясы калыбына келтирилип, командалардын беттеши кайрадан улантылган.
Ал эми Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Түркмөнстандын курама командасын 7:5 эсебинде жеңип алган.
Белгилей кетсек, хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка Республикасы, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын командалары катышып жатат. Мелдеш борбор калаадагы "Бишкек-Арена" спорт комплексинде өтүүдө.





Кыргызстан менен Түркмөнстан оюн көрсөтүп жаткан учурда электр жарыгы өчүп калган

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: