super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш “чет элдик өкүл” мыйзам долбоорун талкуусуз кабыл алды

 
Бүгүн, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында талаштуу “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды.
Анда 66 депутат “макул”, беш эл өкүлү “каршы” добуш берди. Жыйында долбоор тууралуу бир да суроо берилген жок. Муну менен мыйзам президенттин кароосуна жөнөтүлдү, өлкө башчы кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.
Долбоор боюнча "чет өлкөнүн өкүлү функциясын аткарган бейөкмөт уюм" түшүнүгү киргизилет. Тагыраагы сырттан каржыланып, саясий иштерге аралашып жүргөн коммерциялык эмес уюмдарды "чет элдик агент" деп аташат.
Буга чейин айрым депутаттар долбоор кабыл алынса билим берүү, гендердик теңчилик жана социалдык маселелерди чечүү боюнча иштеген уюмдарга кедергисин тийгизе турганын айтышкан.
Алгач мыйзам бузгандарды 5-10 жылга эркинен ажыратуу жазасы сунушталган, кийин үч жылдан беш жылга чейин кыскартылып, ал норма 20-февралда такыр алып салынган.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам кирип жатканына тынчсыздануусун билдирген. Мамлекет башчысы ага берген жообунда Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: