Бишкекте “Кыргызстан кореялык фотографтардын көзү менен” көргөзмөсү ачылды. Кирүү акысыз











Бүгүн, 14-мартта Бишкектеги Кыргыз улуттук тарых музейинде “Кыргызстан кореялык фотографтардын көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Көргөзмөнүн ачылышы Кореянын өлкөдөгү элчиси, Туризм департаментинин директорунун орун басары, ишкерлер жана шаар тургундары менен конокторунун катышуусунда өттү.
Иш-чаранын максаты өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү менен бирге кыргыздын тарыхын, маданиятын, каада-салтын башка өлкөлөргө жайылтуу болуп саналат.
Бул фотокөргөзмө кореялык KOICA компаниясы тарабынан Кыргыз достор консорциуму жана Silk Road туристтик компаниясы менен биргеликте даярдалган. Көргөзмө “Кыргызстанда маданий туризмди өнүктүрүү” долбоорунун алкагында өлкөгө келген кореялык фотографтар менен блоггерлердин сүрөттөрүнөн турат.
Сүрөттөр төрт мезгилде тартылып, жалпысынан 70 сүрөт коюлду. Калоочулар жаккан сүрөттөрдү сатып алса болот.
Көргөзмө 3 күнгө (14-15-16-март) созулат. Кирүү акысыз.
