super.kg logo

Бишкекте жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун беш айдоочусу иштен алынды 

 

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында жума сайын иш алып барууда.

Анын негизинде жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун 5 айдоочусу жумуштан четтетилип, 18 айдоочу 100 пайыз сый акысынан ажыратылды.

Буга чейин жол эрежелерин одоно бузган 5 айдоочу жумуштан четтетилип, 3 айдоочу сый акысынан ажыратылган. Айдоочуларга жол кыймылынын эрежелери боюнча маалымат берилген.

Ошондой эле “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы коомдук транспорт катышкан жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин билүү деңгээли боюнча сынактан өткөрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: