super.kg logo

Менин жерим:  Энергетиктердин шаары аталган Кара-Көл тууралуу баян

 

"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаары тууралуу сөз кылабыз. Энергетиктердин шаары атыккан Кара-Көл жөнүндө жергиликтүү тургун Актилек Бараканов баяндап берет.

Кара-Көл шаары 1962-жылы Токтогул ГЭСин куруучулардын шаарчасы катары негизделген. Кеңеш өкмөтү ГЭС салып баштаганда азыркы шаардын аймагына куруучулар үчүн көп кабаттуу үйлөр курулуп, шаар негизделе баштаган. 1977-жылы 17-январда шаар статусун алган. Нарын дарыясынын сол жээгинде, Ош-Бишкек жолунун боюнан орун алган шаарда 27 миңдей адам жашайт. Шаарга мүнөздүү болгон бардык шарттар бар. Мисалы, 1 гимназия мектеби, 5 орто билим берүү мектеби, бала бакчалар, коомдук тамактануучу жайлар, саламаттыкты сактоо мекемелери, маданият үйү, унаа мектеби жана социалдык мекемелер.

"Шаардын аталышына келсек, шаардан алыс эмес жерде Кара-Көл деген жайлоо бар. Ал жерде кадимки жүрөктүн формасында болгон, түсү капкара көл жайгашкан. Эл оозундагы уламыштарда "бул көлдүн түбү жок" деп айтылып келет. Жергиликтүү эл шаар ушул көлдүн аталышын алып калган дешет", - дейт шаар тургуну.

Кара-Көл шаары жайгашкан азыркы жер мурун Жазы-Кечүү деп аталчу. Убагында малга жайлуу болуп, жергиликтүү эл мал чарбачылыгы менен алектенишиптир. Мындан тышкары жүгөрү, таруу, дан эгиндерин эгишчү экен. Кийин Кеңеш өкмөтү орногондо пахта өстүрүү колго алынып, элет эли Ноокен аймагына көчүрүлүптүр. Анан кийин ГЭС куруу иштери башталганда мурунку айылдын аймагына шаар негизделген.

Шаар тургундарынан Токтогул ГЭСинин каскадында иштегендер арбын эле. Ал эми дыйканчылык менен шаардын четиндегилер алектенип келишет. Алардын көбү дарбыз өстүрүүгө басым жасашат. Жаштардын көбү ички жана тышкы миграцияга чыгып келишет. Акыркы убактарда Европа өлкөлөрүнө барып эмгектенип келгендер көбөйүүдө. Ошондой эле жеке ишкердик менен алектенгендер дагы аз эмес.

"Шаарыбыз негизинен тоолуу келип, өзгөчө кооз. Тоолору ар түрдүү түстө десем жаңылышпайм. Жогоруда айткан Кара-Көл көлүнөн тышкары дагы Комсомол жана Пионер деген 2 көлүбүз бар. Бул көлдөрдө адам эс ала турганга шарттар бар десек болот. Мындан тышкары шаарыбызда 2 кабаттуудан баштап, 5 кабаттуу имараттарга чейин жана көптөгөн жер үйлөр аралаш жайгашкан. Ош-Бишкек жолунун боюнда болгондуктан "тогуз жолдун тоомунда" деп айтсак туура эле болот. Кара-Көл шаары тоолордун коюнунда жайгашкан, бийик, бак-дарактуу жана кооз шаар", - дейт Бараканов.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: