super.kg logo
  Саясат  

Дарыгерлерге кол көтөргөндөрдү 5 жылга чейин камоо сунушталууда

 
Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары дарыгерлерге иш учурунда кол салгандарга жазаны күчөтүүнү сунуштоодо.
Эл өкүлдөрү Винера Раимбачаева, Айбек Маткеримов, Жылдыз Садырбаева, Айгүл Айдарова, Айсара Абдибаева демилгелеген мыйзам долбоору 13-марттан тарта парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, медицина кызматкерлерине зомбулук көрсөтөм деп коркутуп ишине тоскоолдук жаратып, ден соолугуна жеңил залал келтирип, олуттуу эмес материалдык зыян кылгандарды эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартып же 20 миңден 50 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталды.

Ден соолукка анча оор эмес же оор залал келтирисе 50 миңден 100 миң сомго чейинки өлчөмдө айып салууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Ден соолукка өзгөчө оор залал келтирүүгө, өзгөчө ири зыян келтирүүгө алып келүүчү ошол эле жосундар үчүн үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.

Ал эми бейтаптын ден соолугуна өзгөчө оор залал келтирүүгө алып келсе, беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Мындан сырткары дарыгерлердин ишине атайын компетенттүүлүккө ээ болбогон адамдар мыйзамсыз кийлигишсе, аалрды сөгүп, мазактап, кемсинтсе, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары же телекоммуникациялык түйүндөр аркылуу алардын мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылса 10 миң сом айып пул салынат.

Мыйзам долбоору медициналык кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткарып жатканда аларды зомбулуктан коргоо жана аларга кол салуунун алдын алууну максатында иштелип чыккан. Буга өлкөдө акыркы учурларда дарыгерлерге карата бейтаптардын же алардын туугандарынын зомбулук көрсөтүү аракеттери бир топ көбөйүп кеткени себеп болгон.

Соңку мезгилде өлкөдө өз милдетин аткарып жаткан медицина кызматкерлерине кол салган учурлар көбөйдү. 19-февралда Бишкектеги Улуттук госпиталдын Травматология бөлүмүнүн медайымын бейтаптардын биринин тууганы сабаган. Кош бойлуу кызматкерди сабаган деп шектелген жаран кармалган.

Февралдын башында Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлерин бейтаптын жакындары ур-токмокко алган. Ак халатчандарды урду деп айыпталган адамды милиция кармап, кийин ал үй камагына чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: