super.kg logo

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болду 

 

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги "Ак-Тилек-автожол" жана "Чалдыбар-автожол" көзөмөл өткөрүү жайларында жүк ташуучу унаалардын кезеги пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 14-мартта "Ак-Тилек-автожол" пунктунда Кыргызстандан чыгууга 430 жүк ташуучу унаа турат. Өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 342 унаа чыккан.

Ал эми "Чалдыбар-автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында Кыргызстандан Казакстанга багыт алган 90 жүк ташуучу унаа катталган.

Тез бузулуучу азык-түлүк, жаныбарлар менен өткөн транспорт каражаттары өткөрүү жайынан кезеги жок өткөрүлүп жатканы маалымдалды.

"Кыргызстандын да, Казакстандын да Чек ара кызматы тарабынан жүк ташуучу унааларга эч кандай чектөөлөр жок. Өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: