super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн район башчылары жолукту

 

Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген тийиштүү делегациялардын жолугушуусу болду. Бул тууралуу Баткен облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуу Баткендин Орто-Боз жана Тажикстандын Хочаи-Аъло айылдары чектешкен жерде өткөн.

Анда чек ара, укуктук тартип, сугат суу, жаз алды менен арыктарды тазалоо иштерин макулдашуу менен жүргүзүү, суу талаш көйгөйү жаралбашы үчүн алдын ала макулдашуулар зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, ирригациялык, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ага ылайык, эки тараптуу делегация чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашышты.

"Жолугушууда эки элди түрдүү чагымчыл чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: