super.kg logo

Ырчы Алихандын иши боюнча жабырлануучу тарап шаардык сотко кайрылат

 

Бишкек шаарынын Октябрь районунун сотунун судьясы Осмонов Феликс Ой-Талбековичтин 2024 жылдын 11-мартындагы өкүмү менен КРдин жараны соттолуучу Сейитбекова Бактылу (Бактыгүл) Үркүновнаны аракеттеги КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн: Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен олуттуу өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу деген укук-ченем менен күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин пайдасына 500 (беш жүз) эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

КРнын Кылмыш Жаза кодексинин 209-АЛДАМЧЫЛЫК беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда, башкача айтканда алдамчылык же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен анча чоң эмес өлчөмдө башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө укукка ээ болуу -1) олуттуу өлчөмдө - эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат деп берилген.

Өкүмдө соттолуучулардын тобу Сейитбекова Бактылу Үркүновна жана КРдин укук коргоо системасынын кызматчысы болуп туруп мыйзамсыз ишкерлик менен алектенген Кылданов Кубаныч (Алихан) Абдыкалыкович өзүлөрүнүн кыймыл аракеттери менен жабырлануучу Аманова Роза Асановнанын жеке менчигиндеги мүлктөрүнө (үй, сарай, мал базар) жана малдарына келтирилген ири өлчөмдөрдөгү материалдык зыяндардын көп бөлүгүн өз ыктыярлары менен кайтарып беришкендиктен, башка пункттар менен коюлган айыптарда, б.а. кыймыл аракеттерде кылмыш курамдары жок деп таанылсын деп чечим чыгарган.

Учурда жарыяланган соттук өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Тараптар мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө апелляциялык арыз менен соттун кийинки инстанциясына кайрылууга укуктуу- деп өкүмдө белгиленген.

Жабырлануучу тарап мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттө апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясына кайрылат.

Жогорудагы маалымат коомчулукка соттолуучулар Сейитбекова Бактылу (Бактыгүл) Үркүновна жана Кылданов Кубаныч (Алихан) жана алардын тарапташтары тарабынан бурмаланган (так эмес) маалыматтарды таркатып жаткандыгы үчүн, тактоо ирээтинде берилди.

Жабырлануучунун өкүлү Ө. Рыскелдиев






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: