Ошто мектеп окуучусу сабалды делген окуя боюнча Билим берүү министрлиги маалымат берди
Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаардык билим берүү башкармалыгы берген маалыматка таянып, №3 М.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясындагы окуя тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет.
Бүгүн, 14-мартта саат 8:15 чамасында мектеп директору, класс жетекчилер, социалдык педагогдор, мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулар менен биргеликте сабакка кечигип келген окуучуларга мектеп формасын сактоо жана кечикпей келүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Ага ылайык, ошол окуучулардын бирине директор жана мугалимдер окуучулук форманы сактоо керектигин эскерткен. Ал окуучуга эскертүү айтылып жаткан учурда анын классташтары жана класс жетекчиси жанында турган.
"Мектеп директору окуучуга кол тийгизбегендигин, урбагандыгын жана жанында күбө мугалимдер, мектеп окуучулары болгонун билдирди. Директор катары ал окуучулардан мектеп формасын гана талап кылган",-деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган окуя боюнча ички иликтөө иштери жүрүп жатат жана кошумча маалымат берилет.
