super.kg logo

Мен көргөн бир күн: "Ал кишинин каза болуп калганын сезип турсам дагы жардам берүүнү уланта бердим"

 

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, ары кызыктуу ары таасирдүү окуяларын баяндоону улатат. Бул жолку чыгарылышыбызда өзүнүн кызмат учурунда болгон окуясын Ленин РИИБинин аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Виктор Яковлев баяндап берди.

Виктор Яковлев Чүй облусунун Москва районуна караштуу Стретенка айылында 2002-жылы жарык дүйнөгө келген. Учурда Ленин РИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын аймактык тескөөчүсү болуп эмгектенет. 2 бир тууган. "Жалгыз карындашым бар" деген каарманыбыз өзү жөнүндө дагы айтып өттү.

"Мени чоң атам, чоң энем тарбиялап өстүргөн. 2019-жылы Стретенка орто мектебин ийгиликтүү аяктап бүтүргөндөн кийин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы ИИМдин академиясына тапшыргам. Ал жерде 4 жыл окудум. Академияны ийгиликтүү аяктагандан кийин Ленин РИИБине аймактык милиция кызматкери болуп ишке орноштум", - дейт ал.

Виктор Яковлев кызмат учурунда болгон кызыктуу окуяны төмөндөгүдөй баяндап берди.

Тилекке каршы, айдоочу каза болуп калган.

Былтыр жай айы болчу. Кесиптешим экөөбүз коомдук транспортто (троллейбус) бара жатканбыз. Аңгыча жолдун ортосунда бир Камаз үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа шектүү баратканын байкадык. Унаа жолдун ортосунда ылдамдыгы өтө жай бараткан. Троллейбус менен жанынан өтүп бара жатканда жүк ташуучу унаанын айдоочусу эс-учун жоготуп жатканын байкадым. Дароо шеригим экөөбүз троллейбусту токтотуп, чуркап түшүп эле жардам берүүгө жөнөдүк. Камаздын ылдамдыгы жай болгондуктан жетип барып, кабинага жабыштык. Мен кабинага чыгып, айдоочуга жардам көрсөтө баштадым. Ал эми кесиптешим тез жардам чакырып жатты. Негедир ал кишинин каза болуп калганын сезип турсам дагы жардам берүүнү уланта бердим. Адамдагы үмүт деген нерсе өзүнүкүн бербейт экен да. Аңгыча 7-8 мүнөт аралыгында тез жардам кызматы дагы келип калды. Куткаруу кызматы айдоочунун жүрөгү кармап калганын айтып, каза болгонун билдирди. Куткаруу аракетим текке кеткенин ошондо түшүнүп, жаман болдум. Негизи мен башында айдоочунун кандайдыр бир оорусу болсо кармап калып, унааны башкара албай калды го деп ойлогом. Бирок качан унаага жетип, куткарууга киришкенде каза болуп калганын түшүнгөм.

"Кыргыз тилин академияда окуп жүргөндө үйрөнгөм" деген каарманыбыз башынан өткөргөн дагы бир окуясын баяндап берди.

Үйдүн ичинде киши бар экенин ошондо билдик.

Былтыр күз мезгилинде биздин райондук милиция тарабынан туруктуу жашаган жайы жок (селсаяк) адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп калды. Кесиптешим экөөбүз биздин аймакка караштуу бир каралбай калган жайды текшерүү чечимине келдик. Биздин маалымат боюнча ал жерге дайыма туруктуу жашаган жайы жок адамдар чогулушат. Аталган дарекке барганыбызда, капысынан кошуна үйдүн терезесинен кара түтүн чыгып жатканын байкадык. Дароо ал үйгө барып, мен тосмону ашып өтүп, ичинен дарбазаны шеригиме ачып бердим. Үйдүн эшиги дагы ичинен бекитилиптир. Ошондо үйдүн ичинде киши бар экенин түшүндүк. Эшикти талкалоого туура келди. Сындырып ичине кирсек, бир адам эс-учун жоготуп жатыптыр. Ал адамды эшикке алып чыгып биринчи жардамды көрсөттүк. Өрт өчүрүү кызматын чакырганды дагы унуткан эмеспиз.

Көрсө, ал адам жылыткычты сайып, уктап калган экен. Өрт жылыткычтан чыгып, тиги киши түтүндөн улам эс-учун жоготуп койгон экен. Жыйынтыгында өз убагында жасаган аракетибиз менен өрттү дагы алдын алып, бир адамдын өмүрүн дагы сактап калууга жетиштик.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: