Орусияда президенттик шайлоого добуш берүү башталды. Ал үч күнгө созулат

Маалыматтарга караганда, бул саясий өнөктүк үч күнгө созулуп, 17-март шайлоонун негизги күнү деп эсептелет. Тактап айтканда, добуш берүү 15-16 жана 17-март күндөрү болот. Шайлоо тилкелери өлкө боюнча добуш берүүнүн биринчи күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө ачылды. Алар саат 20:00гө чейин иштейт.
"Бул күндөрү Орусияда эл 94 миңден ашуун шайлоо участокторунда президентин тандоо үчүн добушун берет. Ал эми Кыргызстанда да шайлоого карата төрт участок иштейт", - деп айтылат маалыматта.
Бир нече күн бою добуш берүү Орусияда биринчи жолу колдонулуп жатат. Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилованын айтымында, мындай чечим жарандардын өздөрүнүн суроосунан улам кабыл алынган. Бир нече күн добуш берүү эл үчүн ыңгайлуу практика деп саналат. Президенттик шайлоону өткөрүү үчүн жалпы 33,2 миллиард рубль каралган.
Аталган өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык, Орусиянын башчысы алты жылга шайланат. Бул өлкөнү жетектөөгө төрт талапкер аттанган. Алардын арасында өлкөнүн учурдагы лидери Владимир Путин да бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.