Транспорт министрлиги: "Ашууларда жана жолдордо чектөө жок"
Бүгүн, 15-мартка карата өлкөнүн бийик тоолуу ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматында айтылат.
"Буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө эртең менен саат 8:20да алынды. Ошондой эле Өтмөк ашуусунда дагы унаа кыймылына чектөө жок", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда министрлик жолдорду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.
Ал эми Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунда катуу бороон болуп, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралды. Азыркы тапта №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Унаа тыгыны жок.
Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.
