super.kg logo

Улан Ниязбеков Венада өтүп жаткан баңгизаттар боюнча комиссиянын 67-сессиясына катышууда

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Австриянын борбору Вена шаарында өтүп жаткан баңгизаттар боюнча комиссиянын 67-сессиясына катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта мекеменин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө баңги коркунучу менен күрөшүүдө эл аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн учурдагы абалы жана андан аркы кадамдары талкууланып, синтетикалык баңгизаттардын таралышына каршы турууда Борбордук Азиянын ролу баса белгиленди. Анда Ниязбеков глобалдык, аймактык жана улуттук деңгээлдеги өз ара аракеттенүү процесстерине көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

2024-жылы Баңгизаттар боюнча комиссия (CND) баңгизатка каршы саясат боюнча бардык эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын баалоо үчүн орто мөөнөттүү текшерүү жүргүзүүдө. 14-15-март күндөрү өткөрүлгөн жогорку деңгээлдеги жыйындардан кийин беш күндүк кезектеги сессия өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жетекчилиги, Орусиянын ички иштер министри жана ишкерлер чөйрөсү менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар мерчемделген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: