Мэрия: "Коомдук транспортко жол кире төлөөдө талаптарды бузган жарандар болууда"
Бишкекте коомдук транспорттун жол кире акысын төлөө учурунда эреже бузгандар болууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Борбор калаада муниципалдык автобустарда 30 контролер иштеп, жол кире акысын көзөмөлгө алышууда.
Буга чейин да бузуулар аныкталган, тактап айтканда, айдоочулар талонду беришкен эмес же жүргүнчүлөр мурда колдонгон талонду жаңы талон катары өткөрүп беришкен.
Ошондой эле башка адамдын жеке жеңилдетилген карточкаларын жана кызыл “Тулпар” карточкаларын мыйзамсыз колдонуп жүргөн 100дөн ашык жүргүнчү аныкталып, карточкалар контролёрлор тарабынан алынган. Контролерлор күн сайын башка адамдардын карточкасын колдонуп жүргөн 15ке жакын жүргүнчүнү аныктады.
Ал эми Бишкек мэриясы борбор калаанын тургундарына жана меймандарына, жол кирени төлөө эрежелерин сактап, шаардык транспортто коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу үчүн контролёрлор менен кызматташууларын суранат.
