Эки айда 26 миң 300 балага сүйүнчү пул берилди

Маалым болгондой, бул үчүн 105,6 миллион сом каржыланган.
Ошондой эле министрлик ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайга 4000 сомдон берилет. Үч эмге же андан көп төрөлгөн балдарга сүйүнчү 50 миң сомдон боло турганын белгилейт.
"Бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек. Акча каражаты арыз берилген күндөн 2 иш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт. Жаран акчаны "РСК" жана "Айыл банктын" филиалдарынан арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу керек.
Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерин туура көрсөтүүсү зарыл. Себеби акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.
"Балага сүйүнчү" 2018-жылдан бери берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.