Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин сап башына жайгашты
Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Түркияда өткөн "Яшар Догу" эл аралык турниринен кийин дүйнөлүк рейтингдин сап башына жайгашты. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтына жарыяланды.
Балбан кыз жалпы 58 миң упайы менен биринчиге жайгашты. Тизменин 2-сабына япониялык Сакура Мотоки 46 миң упайы менен жайгашса, үчүнчүнү 44 миң упайы менен норвегиялык Грэйс Якоб Буллен ээледи.
Эске салсак, Түркиянын Анталья шаарында өткөн күрөш боюнча Yasar Dogu & Vehbi Emre-2024 аталышындагы эл аралык мелдеште Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта катышып, алтын байгеге ээ болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.