Түркияда мышыкты мыкаачылык менен өлтүргөн жаран 2,5 жылга шарттуу кесилди (видео)
Стамбулда мышыкты мыкаачылык менен өлтүргөн жаран 2,5 жылга шарттуу кесилди, ошондой эле өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, окуя 1-январда болгон. Анда Ибрагим Келоглан өзү жашаган турак үйдөгү лифтин ичиндеги Эрос мышыгын күч менен тепкен. Турак үйдүн жашоочулары мышыктын сөөгүн таап алышып, байкоочу камералар аркылуу мышыкты өлтүргөн адамды аныкташкан. Бул видео социалдык тармактарга тарап, жаныбарлардын укугун коргоочулар Ибрагим Келогланды катуу жазалоону талап кылышкан.
Шектүүгө карата сот отуруму Күчүкчекмеже райондук сотунда өткөн. Жаныбарларды коргоочулар сот имаратынын жанына чогулуп, ага катуу жаза тандоону суранышкан.
Ал эми айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алып, бирок мышыкты этиятсыздыктан өлтүргөнүн, ошол маалда ачууга алдырганын айткан.
"Мен өлтүргүч эмесмин. Убактылуу психикалык жактан жабыркап, ачууланып, өмүр бою унутпай турган ката кетирдим. Окуядан кийин ар бир мүмкүнчүлүк болгон сайын азык-түлүк сатып алып, жаныбарларды тойгузуп жаттым", - деген айыпталуучу.
Соттук териштирүүнүн жыйынтыгында соттолуучуга өлкөдөн чыгууга тыюу салынып, соттун көзөмөлү менен бошотулган.
Бул окуяга мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган дагы кийлигишип, юстиция министри менен маектешкени кошумчаланды.
