Өлкөнүн ишкерлери Германияга тажрыйба алмашууга барышат





Кыргызстандын ишкерлери Германияга тажрыйба алмашуу үчүн барышат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган палатанын алдындагы Бизнес билим берүү борбору Германиянын Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлигинин программасына тандалган ишкерлер үчүн семинар өткөрдү. Тандалган ишкерлер тобу Гамбургга андан ары тренинг жана бизнес жолугушууларды өткөрүү үчүн барышат.
"Мындан тышкары, ишкерлер инновациялык ишканаларга жана көргөзмөлөргө баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, ошондой эле немис компаниялары менен бизнес байланыштарын түзүп, өз бизнесин өнүктүрүүнүн жаңы перспективаларын ачышат", - деп айтылат билдирүүдө.
Мекеменин жетекчиси Темир Сариев катышуучуларга иш сапарынын ийгиликтүү жана жемиштүү болушун каалап, европалык кесиптештер менен тажрыйба алмашуунун жана инвестиция тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
