"Боз үйдүн элесин берет". Бишкекке курула турган футбол стадионунун эскизи жарыяланды





Бишкектин чет-жакасындагы Орок айылына салына турган футбол стадионунун эскизи даяр болду. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирип, стадиондун эскиздери менен бөлүштү.
Анын айтымында, долбоор чет элдик компаниялар менен биргеликте жасалган.
"Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич Бишкек шаарына 45 миң орундуу стадиондун курулуш ишин тапшырган. Анын долбоорлоо (проектиси) жумушу белгилүү чет элдик компаниялар менен биргеликте жасалды. Архитектуралык дизайны улуттук наркыбызга ылайыкталып, боз үйдүн элесин берет. Стадиондо заман талабына ылайык дүкөндөр, эс алуучу жана унаа токтотуу жайлары сыяктуу бардык шарттары каралды. Буюрса алдыңкы күндөрү курулуш ишин баштайбыз", - деп жазды Туманбаев.
Белгилей кетсек, былтыр Садыр Жапаров Сокулук районундагы Орок айылында жаңы стадиондун курулушуна капсула салган. Стадион куруу үчүн Орок айыл аймагынан 20,78 гектар жер бөлүп берилген.
19-февралда Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланган УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы футбол стадиону 10 күн аралыгында башталып, 2 жылдын ичинде бүтөрүн айткан. Курулуш иштерин Ташиев өз көзөмөлүнө алганы маалым болду.
