ИИМдин академиясында Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракеси белгиленди






Ички иштер министрлигинин академиясында Кыргыз эл акыны Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракеси белгиленди.
ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чарада турмуш чындыгын таамай айтып ырдаган, эки доорду даңазалаган кыргыздын ак таңдай акыны Барпы Алыкуловдун чыгармачылыгы, басып өткөн турмуш таржымалы тууралуу кенен талкуу болду. Иш-чараны ИИМдин академиясынын башчысынын орун басары Нурия Маматазизова ачып берди.
Анда акынды жакындан изилдеген кыргыз адабиятчылары анын чыгармачылыгына жасаган терең изилдөөлөрү менен бөлүшүштү. Ал эми аталган иш-чараны уюштуруп, өткөргөн ИИМдин Академиясынын уюштуруу социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Алгочонова “Барпы Алыкулов - элдик педагог, нукура тарбиячы” темасында доклады менен чыкты. Ал акындын бизге калтырып кеткен руханий көркөм мурасындагы таалим-тарбияга, адеп-ахлак ойлорго бай, турмуш философиясын салыштыруулар менен берген асыл нарктары тууралуу баяндады.
Андан студенттер жана академиянын курсанттары акындын ырларын көркөм окушту. Ошондой эле акындын калеминен жаралган обондуу ырларда курсанттардын аткаруусунда жаңырды. Иш-чаранын соңунда академиянын музейи менен таанышышты.
