super.kg logo

Улан Ниязбеков Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

 

Австриянын борбор калаасы Венада өтүп жаткан БУУнун Баңги каражаттар боюнча комиссиясынын 67-сессиясынын алкагында ички иштер министри Улан Ниязбековдун Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин менен жолугушуусу болуп өттү.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Ниязбеков кызматташуу эки тараптуу гана эмес, өзгөчө ЖККУнун, ШКУнун, БУУ БКБнын жана Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Борбордук Азия региондук маалыматтык координациялык борборунун алкагында көп тараптуу кызматташуу форматында да динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Тараптар кылмыштуулук менен күрөшүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу аспектилерин талкуулашты. Кыргыз-орус мамилелерин стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде мындан ары чыңдоого карата өз ара мамиле ырасталды.

"Учурда Орусиянын каржылоосу менен БУУ БКБнын баңгизаттарга каршы күрөшүүдө жаңы технологияларды киргизүү боюнча долбоору ишке ашырылууда, анын бюджети 1 миллион 800 миң долларды түзөт. Долбоордун аркасында Кыргызстан баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы турууда аймакта учкучсуз учуучу аппараттарды ийгиликтүү колдонгон алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп саналат.

Бул долбоорду ишке ашыруу учурунда ички иштер министрлиги Орусиянын, Белоруссиянын профилдик ведомстволору менен өз ара аракеттенүүдө жана кызматташтыкта учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча бир топ бай тажрыйбага ээ болду", - деп айтылат билдирүүдө.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: