Базарбеков коррупциялык иштерге аралашкан соттор менен күрөш улантыла турганын айтты




Бүгүн, 15-мартта Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен видео байланыш аркылуу жыйын өткөргөнүн Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Ал жыйында кесипкөй эмес жана коррупциялык иштерге аралашкан судьялар менен күрөш улантыла турганын айтып, сотторго бир катар тапшырмаларды берген.
"Эгерде укук коргоо кызматкерлери тарабынан мыйзамдын талаптарын бузууларга жол берилип жаткан болсо, жеке аныктама чыгарып, ал өз убагында аткарылышын талап кылгыла. Акталган адамдарга чечимдердин мыйзамдуулугун, алардын моралдык жана материалдык чыгымдарды өндүртүп алуу жагын ачык түшүндүргүлө
Сот тутуму тарабынан мындан ары акталган адамдарга карата моралдык жана материалдык чыгымдарды мамлекеттин бюджетинен эмес, мыйзамдын талаптарын бузуу менен ишти соттун кароосуна өткөрүшкөн укук коргоо кызматкерлеринен, ага көзөмөлдүк кылган прокурорлордон өндүрүү жөнүндө мыйзамга толуктоо, өзгөртүү киргизүүнү сунуштайбыз.
Мыйзамсыз сот актыларын чыгарышкан соттор дагы мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылуулары керек. Мыйзамды бузушкан тийиштүү бийлик органдарына дагы жеке аныктамаларды чыгаруу керек экендигин талап кылам", - деген Базарбеков.
Ошондой эле Жогорку соттун төрагасы судьялардан сот отуруму бүткөндөн кийин чечимди окуп коюп кетип калбастан, тараптарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.