super.kg logo

Жалал-Абадда өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди (сүрөттөр)

 

Бүгүн, 15-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №65 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чже, БУУнун өнүктурүү программасынын туруктуу өкүлү Александра Соловьева, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы, жергиликтүү бийлик жана тургундар катышты.

"1954-жылы курулган өрткө каршы күрөшүү бөлүгүнүн имараты эскилиги жеткендиктен, 2018-жылы кооптуулугу боюнча атайын корутунду чыгарылган. Анын натыйжасында Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жаңы имарат курууга жер аянты ажыратып берилген.

Имаратты куруу демилгеси Кореянын KOICA агенттигинин “Калктын өрт коопсуздугун жогорулатуу жана өрткө каршы куткаруу кызматтарынын мүмкүнчүлүгүн бекемдөө” долбооруна сунушталып, колдоо тапкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Облус башчысы калкынын саны боюнча республикадагы экинчи ири район болгон Сузак районунун борборунда өрткө каршы куткаруу кызматынын жаңы имаратын куруу, анын техникалык базасын чыңдоо муктаждыгы абдан чоң болуп келгенин белгиледи.

Жаңы имарат, алынган техникалар өрт кырсыктарынын алдын алуу, жарандардын өмүрүн сактоо жана элдин коопсуздугу үчүн кызмат кылаарын кошумчалап, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: