super.kg logo
  Саясат  

Дарыгерлерге кол салгандарга жазаны күчөткөн дагы бир мыйзам сунушталды

 
Дарыгер жана мугалимдерди келекелеп, кол көтөргөндөрдү 5 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда. Мыйзам долбоору 14-марттан тарта парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Аны депутаттар Жанар Акаев, Мирлан Самыйкожо, Жылдыз Садырбаева, Акылбек Түмөнбаев жана Нилуфар Алимжанова демилгелеген.
Ага ылайык, медициналык, фармацевттик жана педагогикалык кызматкерди кесиптик милдеттерин аткаруусуна байланыштуу коркутуп басым жасагандар эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Ошондой эле аларга кол көтөргөндөргө 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул салынат же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгууга бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүдө өз милдеттерин аткарып жаткан учурда медициналык кызматкерлерге карата кол салуу фактыларынын көбөйүшү себеп болгон. Документ аталган кызматкерлерди коркутуп же аларга кол көтөргөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну киргизүү максатында жазылган.

Белгилей кетсек, буга чейин да Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары дарыгерлерге иш учурунда кол салгандарга жазаны күчөтүүнү сунуштаган.

Эл өкүлү Жанар Акаев парламенттин 14-декабрдагы жыйынында акыркы убактарда дарыгер, медайымдар иш учурунда сабалган учурлардын көп катталуусу, дарыгерлерди коргогон катаал мыйзам зарыл экендигин көрсөткөнүн белгилеп, бул багытта мыйзам долбоорун жазып чыгышканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: