ИИМ башчысы Венада БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын аткаруучу директору менен жолукту




Австриянын борбор калаасы Венада өтүп жаткан Бириккен улуттар уюмунун Баңги каражаттар боюнча комиссиясынын 67-сессиясынын алкагында ички иштер министри Улан Ниязбеков БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Гада Вали менен жолугушту
ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, уюшкан кылмыштуулукка, ошондой эле кибер кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Ниязбеков Кыргызстандын укук коргоо ведомствосу Бириккен улуттар уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык кеңсеси менен биргеликте бир катар долбоордук сунуштарды даярдап, кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар болгон ар кандай өнөктөш өлкөлөр менен иш алып барууда деп белгиледи.
Мындан тышкары ИИМдин башчысы Кыргызстанга расмий иш сапар менен келүүнү сунуштады, анын натыйжасында аймакта жүргүзүлүп жаткан иштерге, актуалдуу көйгөйлөргө, практикалык өз ара аракеттенүү механизмдерине көңүл бурулуп, республикадагы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын долбоордук портфелин кеңейтүүгө мүмкүндүк берээрин белгиледи.
Өз кезегинде Гада Вали айым өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды, анын ичинде укук коргоо системасын модернизациялоого багытталган реформаларды жогору баалады.
