Ысык-Көлдө ШКУнун эл аралык марафону өтөт
Чолпон-Ата шаарында 4-май күнү эл аралык Ысык-Көл "Run the Silk Road" марафону өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалымдалгандай, жарышка ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы жөө күлүктөрү, жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү жана бардык каалоочулар катыша алат. Марафондун катышуучулары 42,2, 21,1, 10, 3 чыкырым аралыкка чуркоо жана скандинавиялык басуу боюнча жарышат.
Быйыл 3 миңге чукул адам катышары күтүлүүдө. Байге фонду 1,5 миллион сом экени айтылды.
Марафонго катышуу үчүн www. runthesilkroad.com шилтемеси аркылуу катталсаңыз болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.