Тажикстанда Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасын талкуулашты





Кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.
Алар чек араны делимитациялоо маселелерин талкуулап, жумушчу топторго калган тилкелерде чек ара сызыгын аныктоо иштерин улантууну тапшырышты.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.