Ак-Буура дарыясынын жээгине мажүрүм тал көчөттөрү отургузулду









Бүгүн, 16-мартта Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгине мажүрүм тал көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан дарыянын боюна 300гө жакын мажүрүм тал көчөттөрүн эгүү болжолдонгон.
Ошондой эле калаа мэриясы "Бир жарандан – бир дарак" аттуу жалпы шаардык акциясын баштаганы айтылат.
"Калаа тургундарын сүйүктүү шаарыбызды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга активдүү катышууга чакырабыз.
2024-жылы шаар аймагына 300 миңге жакын заманбап бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат", - деп айтылат анда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.