super.kg logo

Ошто "Биз баарыбыз бирдейбиз" аттуу кайрымдуулук өнөктүгү өттү

 

Ош шаарында “Биз баарыбыз бирдейбиз” аттуу Даун синдрому, майыптыгы бар балдарга арналган кайрымдуулук өнөктүгү өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, майыптыгы бар балдар жана ата-энелер катышты.

Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарынын мэринин атынан ыйык Орозо айында ушундай иш-чара уюштурулуп жатканына ыраазычылык билдирип, Ош шаарынын мэриясы ар дайым майыптыгы бар балдарды коргоого, аларга ар тараптан жардам көрсөтүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин белгилеп, балдардын руханий өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көмөк көрсөткөн ар бир адамга жакшылыктарды, ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын алкагында майыптыгы бар балдар үчүн оюн-зоок, концерт уюштурулуп, белектер берилди. Ошондой эле кайрымдуулук акциянын уюштуруучусу "Алтын Алакан" ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчиси Жогорку Кеңештин жана Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: